музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКУМУШТУУ-ИЗИЛДѲѲЧҮЛѲРҮНѲН ТУРГАН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКУМУШТУУ-ИЗИЛДѲѲЧҮЛѲРҮНѲН ТУРГАН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Россияда, Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда кытай тилиндеги китептердин сакталышын жана байыркы адабиятынын коллекцияларын изилдѳѳ максатында келген делегаттар Хе Минг Синг, Сонг И, Май Ли Хаба Аолан, Ван СЮ Мей, Хайлугили Нияз, Фейлина Мижити тарых музейине саякат кылышты.

Кылымдардан келе жаткан кыргыз-кытай байланыштары тууралуу далилдүү заттык маалыматтар болгон Кыргызстандан табылган храмдар, буддизм дининин айкелдери, кытай иероглиф таш жазуулары, Тан династиясынын монеталары, эски кытай жибектер, ж.б. музей буюмдары тууралуу кѳптѳгѳн маалыматтар берилди.

Кыргыздар тууралуу бай маалымат калтырган Сыма Цянь, Бань Гу, Сюань-Цзан, акын Бо Цзюй-И ж.б. кыргыз тарыхы менен байланышкан инсандардын эмгегинин илимдеги орду окумуштууларды кызыктырды.

Мурастардын булагы саналган музейди кыдыруудан соң, кѳрсѳтүлгѳн тейлѳѳгѳ жана жүргүзүлгѳн экскурсияга ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90