КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КАРЫЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
“Эл аралык карылар күнүнө” карата тарых музейинин улуу муундагы кызматкерлерин мекеменинин жетекчилиги жана профсоюз комитети куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Улуттук музейдин директору Жылдыз Бакашова майрамдык куттуктоо сѳзүн арнап, улууларды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү экендигин, жаш курагына карабастан билими менен тажрыйбасын колдонуу менен музей ишинин ѳнүгүшүнѳ күч аракетин жумшап, эмгектенип жаткан карылардын жаштарга үлгү катары орду чоң экендигин баса белгиледи.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндѳ, музей жетекчиси тарых музейине табылгыс минатюралык 2.5Х3 см. 200 жылга чукул тарыхы бар куран китебин тапшырган ардактуу ардагер, калемгер Ильгиз Гилязетдиновду да чакырып, ыраазычылык катын тапшырды.
Улуттук музейдин жамааты, үзүрлүү эмгектин жана мээнеттин символу саналган Кыргызстандын жалпы улуу муунунун ѳкүлдѳрүнѳ таза саламаттык, аксакалдык акылмандык, дѳѳлѳттүү карылык турмушту каалайт.