КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН НОВОСИБИРСК ШААРЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков жана иш сапарда жүргѳн китеп, басма жана журналистика тармагы боюнча адис, РИА Сибир бѳлүмүнүн (ГПНТБ) директору, тарых илиминин доктору Ирина Лизунова кыргыз маданияты жана тарыхы менен таанышуу максатында тарых музейине саякат жасады.
Расмий меймандар алгач кабыл алган КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова менен жолугушту.
Эки тараптуу сүйлѳшүүнүн жүрүшүндѳ, музей жетекчиси РИА Сибир бѳлүмүнүндѳ кыргыздарга жана Кыргызстанга байланыштуу илимий булактар бар болсо, электрондук кѳчүрмѳсүн алуу ѳтүнүчүн билдирди.
Ошондой эле, илимий багытта кызматташуу долбоору талкууланды.
Маданият, тарых жана музей тууралуу кеңешүүдѳн кийин, тарых музейинин коллекция топтомдору менен экскурсоводдун баяндоосунда кунт коюп кѳрүп чыгышты.
Сибирден – Борбордук Азияга тараган уруулардын маданияты менен кыргыздардын Енисей-Алтай мамлекеттүүлүгүнѳн тарта, Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий түзүлүшүнѳ чейин кеңири маалымат алган расмий ѳкүлдѳр, соңунда бай мурасты жайылтып келе жаткан мекемеге ийгилик каалап, сапарын улады.