УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ПАКИСТАНДЫН ЭЛЧИСИ КЕЛДИ
Маданият тармагында кызматташуу жана кыргыз тарыхы менен таанышуу үчүн келген Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хасан Али Заигам менен Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашованын музейде жолугушуусу болуп ѳттү.
Сүйлѳшүүдѳ, тараптар биргелешип иштѳѳгѳ кызыкдар экендиктерин, кызматташууга ишеним артышарын белгилешти.
Расмий сүйлѳшүүдѳн соң, кыргыз тарыхы менен таанышып, ар доордун уникалдуу буюмдарынын, ѳзгѳчѳ 10-кылымдан – 19-кылымга чейинки ислам маданиятына жана динине таандык окуу жана куран китептерине кызыгып, алардын маанисинин чечмеленишине кѳңүл бурду.
Элчи Хасан Али Заигам тарых музейинин кѳргѳзмѳсүн кѳрүп чыккандан кийин, музейдин мыкты экспонаттарынан жана маданий-агартуучу экскурсиядан руханий канааттануу алгандыгын баса белгиледи.