КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ЖАⱧЫ ЖЫЛДА САПАТ МЕКТЕБИНИН ОКУУЧУЛАРЫ КѲРҮҮГѲ КЕЛДИ
Музей кызматкерлери, окуучуларга илимий-тарбиялык багыт берген салттуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып, балдарга коло, эрте темир доорундагы адам коомундагы ири жетишкендиктерден – Кыргызстандын Соңку жаңы тарыхындагы жаңы ѳзгѳрүүлѳргѳ чейинки атайын кѳрсѳтмѳлүү баяндоолор жасалууда.
Сапат билим мекемесинин окуучулары экскурсиянын жүрүшүндѳ, байыркы жана орто кылымдагы кѳчмѳндѳр жана отурукташкан элдер тууралуу маалыматтарга ѳзгѳчѳ кызыгуусун билдиришти.
Музейден ар бир тарыхый доорлордогу маданияттардын жана цивилизациялардын гүлдѳгѳн жетишкендиги, тарыхый катасы, илимдеги орду жана алардан ала турган сабактар боюнча үгүт-насааттык баяндама уккан окуучулар, соңунда ыраазы болуп тарашты.