КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АКЫН, ЗАЛКАР КОМУЗЧУ КОРГОЛ ДОСУ УУЛУНУН БУЮМДАРЫ ѲТКѲРҮЛДҮ
Кыргыз маданиятындагы ѳзгѳчѳ искусство – тѳкмѳ акындык ѳнѳр ээси, күү атасы Ниязалынын, тоо булбулу Токтогул акындын шакирти, акыйкаттын жарчысы Коргол акындын буюмдарын жакындары тапшырды.
Кыргызстандын Башкы музейинин мемориалдык фонду залкарлардын буюмдары менен үзгүлтүксүз толукталуусу – улуттук музейдин ролунун бийиктигин, коомдун кѳңүл борборунда тургандыгын кѳрсѳтүүдѳ.
Акын жана күү классиктеринин ѳмүрү – музейлер аркылуу уланып, коомго жайылтылып, жаш муунга ѳрнѳк болуп калаарын мезгил айкындоодо.
Акындын тебетейи, күрмѳсү, чапаны, куржуну, кымыз куючу сабасы, сокусу менен сокбилеги, жыгач сузгусу, жыгач күрѳгү, ээри, ж.б. раритетке айлана турган кылым карыткан буюм-тайымдары, мекеменинин коллекциясынын корун арбытты.
Андыктан, ата-бабаларынын табериктерин аздектеп сактап жана ѳткѳрүп берген мекенчил урпактары Турсункан Досуева жана Майрам Оңдошевага музей жамааты терең ыразычылыгын билдирет.
Музей маданияттын символикалуу жайы жана тарыхтын кайрадан таралган жери катары, коомго кызматын мындан ары да ийгиликтүү жүргүзѳт.