музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КѲП КЫРДУУ ТАЛАНТ ОРОЗБЕК КУТМАНАЛИЕВДИН БУЮМДАРЫ ѲТКѲРҮЛДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КѲП КЫРДУУ ТАЛАНТ ОРОЗБЕК КУТМАНАЛИЕВДИН БУЮМДАРЫ ѲТКѲРҮЛДҮ

Киноактер, тѳкмѳ акын, обончу, режиссер Орозбек Кутманалиевдин тарыхка айланган буюмдары музейдин фондусун толуктады.
“Орозкул зѳѳкүрдүн” образы менен советтик кинематографиянын сүйүктүү актеруна, тасма кѳрүүчүлѳрүнүн кумирине айланган инсандын урпактарынын, фотодокументалдык жана буюм экспонаттарын улуттук музейге тапшырышы, жакшы жаңылыкка айланды.
Аңызга айланган фильмдерде кийилген ак калпагынан – гезиттерде жазылган ѳмүр жолу тууралуу материалдарга чейинки баалуулуктардын келип түшүүсү, кубандырбай койбойт.
Ата мурасы улуттун руханий байлыгы экендигин коомго үлгү катары кѳрсѳтүп, ѳткѳрүп берген урпактарынын жарандык позициясы алкоого татыйт.
Музей ѳз тармагынын кайталангыс фигуралары жана корифейлеринин реликвияга айлануучу коллекциялары менен сыймыктанат жана эл суктанган ажайып жайга айланышы үчүн фондусун толуктоону мындан ары да негизги милдети деп санайт.
Андыктан, алдыда инсандардын бейнесинин жана орчундуу окуялардын күбѳсү болгон жаңы түшкѳн музей предметтеринин серия түрмѳгү ырааттуу жарыяланып турмакчы.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90