КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ФРАНЦИЯ ЭЛЧИСИ ЖАНА IFEACтын ДИРЕКТОРУ КЕЛДИ
КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова, маданий жана музейлер арасындагы байланыштуу чыңдоо максатында атайын демилге менен келген Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Франсуа Делаус мырза, Борбордук Азияны изилдөө боюнча франциялык институттун (IFEAC) жетекчиси, доктор Адриен Фов мырза жана башка жооптуу ѳкүлдѳрү менен жолугуп, бир катар келечектүү маселелерди талкуулады.
Сүйлѳшүүнүн жүрүшүндѳ, мекеме жетекчиси зарыл долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий аянтчаларда иштешүүгѳ музейдин даярдыгын билдирип ѳттү.
Китептердин бет ачарларын биргеликте ѳткѳрүү, Франция ѳлкѳлѳрүнүн музейлери менен кызматташуу меморандумун түзүү жана кызматкерлерди тажрыйба алмашууга жиберүү жолдорун иштеп чыгуу тууралуу макулдашуу жыйынтыгында жетишилди.
Кыргызстандын бай тарыхы жана уникалдуу коллекциясы бар музейи менен алаканы чыңдоого артыкчылык берерин билдирген расмий ѳкүлдѳр, жетишилген үзүрлүү кызматташтык боюнча макулдашууга жана жылуу кабыл алууга ыраазычылыгын соңунда билдиришти.