музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫЗМАТТАШУУ МАКСАТЫНДА КАЗАКСТАНДАГЫ ГËТЕ ИНСТИТУТУНУН ѲКҮЛҮ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫЗМАТТАШУУ МАКСАТЫНДА КАЗАКСТАНДАГЫ ГËТЕ ИНСТИТУТУНУН ѲКҮЛҮ КЕЛДИ

Мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова атайын кызматташуу жана иш-чараларды ѳткѳрүү демилгеси менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Казакстандагы Гëте институнун тил бѳлүмүнүн жетекчиси Марек Грыглевич менен сүйлѳшүү ѳткѳрдү.
Музей жана маданий багытта иштешүү менен, учурда актуалдуу болуп жаткан интеллекттин ѳсүшүнѳ жана инсандын потенциалын жогорулатууга арналган тематикаларды кѳтѳрүп чыгуу аркылуу, коомго салым киргизүүчү кѳргѳзмѳ ачуу ѳтүнүчү каралды.
Расмий сүйлѳшүүнүн жыйынтыгында, “UMI” аталыштагы кѳргѳзмѳнү эң башкы маданий жер саналган тарых музейинде ачуу тууралуу макулдашылды.
Заманбап кѳргѳзмѳнү ачуу багытындагы позитивдүү нуктагы диологго жана сунушту түшүнүү менен кабыл алууга, институттун ѳкүлү соңунда ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90