музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БИШКЕК ШААРЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ТАЙПАЛАРЫ КЕЛҮҮДѲ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БИШКЕК ШААРЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ТАЙПАЛАРЫ КЕЛҮҮДѲ

Бишкек шаарынын мектебинин окуучуларынын, ЖОЖдордун студенттеринин тайпалары билимин тереңдетүү жана маданият чѳйрѳсүн таануу максатында кѳп санда келишүүдѳ.
Музейдин балбалдарынын классификациясынан, ала кийиз, шырдактарынын орнаменттеринин интерпретациясына, Советтик түзүлүштүн маркстик-лениндик окуулары жана идеологиясынан, Эгемендүү Кыргызстандын реформалары жана саясий-коомдук түзүлүшүнүн трансформациясына чейин ырааттуу баяндамалар жүргүзүлүүдѳ.
Музейдин кыргыз, орус жана түрк тилинде алып барган баяндамачылары Нурадилова Алинанын жана Дүйшѳмбекова Назиранын шык-дем берген экскурсияларды үзгүлтүксүз уланууда.
Тарыхый жайдын сырдана болуп калган экскурсанттары, мекенинин руханий тумарына айланган уникалдуу экспонаттарынын таржымалына суктануу жана жашоо тарбиялык философиясынын сырларына сыймыктануу менен ыраазычылыгын билдирип кетишүүдѳ.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90