КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ SECCAнын ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КЕЛДИ
Мекеменин директору, профессор Жылдыз Бакашова атайын кызматташуу үчүн келген SECCAнын жетекчилерин тосуп алып, делегация ѳкүлдѳрүнүн алдыдагы пландары боюнча конструктивдүү сүйлѳшүү ѳткѳрдү.
Алгач, келген меймандар музей жетекчиси менен биргеликте Кыргызстандын тарыхын кызыгуу менен угуп-кѳрүп чыгышты.
Кыргызстандын аймагында жашаган байыркы маданияттардын, салттык, кол ѳнѳрчүлүк, декоративдик, архитектуралык жана башка кѳптѳгѳн балуулуктарынын салттуу элементтеринин кийинки кыргыз элинин материалдык жана руханий жашоосуна жаңыланып ѳткѳндүгү, азыркы күндѳ да колдонулуп, уланып жаткандыгы тууралуу маалыматтарга, меймандар ѳзгѳчѳ ынтаа менен кѳңүл бѳлүштү.
Маданий программадан соң, тараптар илим жана маданият тармагына кошуучу пайдалуу долбоорлордун келечеги, кадамдары жана кызматташуу жолдору тууралуу пикир алышышты.
Музей жетекчисинин түшүнүү менен оперативдүү кабыл алган прагматикалык чечими менен жүйѳлүү сунуштарына жана жүргүзүлгѳн негиздүү экскурсияга соңунда терең ыраазычылыгын билдиришти.