КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЭКСКУРСОВОДУ УГУУДАН ѲТТҮ
Музейдин Билим берүү жана агартуу бѳлүмүнүн жаш баяндамачысы Илимий-усулдук кеңештин угуусунан ѳттү.
Улуттук музейинин экскурсоводу Токтосунова Жамиля, Элдердин Улуу Кѳчү доорундагы Кең-Кол жана Кара-Булак маданияты, Түрк кагандыктарынын доору жана Согду маданияты, байыркы жазуулардан, ж.б. темалардан – Кыргызстандагы монгол доорунун табылгаларына чейинки экспозиция бѳлүгү боюнча ийгиликтүү тапшырды.
Билими, айтуу жѳндѳмү, булактарды колдонуу, ж.б. талаптарды сактоо менен жеткиликтүү түшүндүрүп бере алды.
Археология залын толук тапшырган адиске, усулдук кеңештин мүчѳлѳрү акыл-наасат, сын пикирлерин айтуу менен ийгилик каалады.