музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КУРМАНЖАН ДАТКА АТЫНДАГЫ КѲЧМѲНДѲР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕЛДИ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КУРМАНЖАН ДАТКА АТЫНДАГЫ КѲЧМѲНДѲР ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЕЛДИ

Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборунун эс алуу жана тажрыйба алмашуу максатында жүргѳн жетекчиси, адистери жана жаңы иштеп жаткан кызматерлери тарых музейинин кѳргѳзмѳсүн кѳрүп чыгышты.
Илимий-усулдук жана практикалык таанымдарын тереңдетип жүргѳн кесиптештерге, музей жана анын экспозициясы боюнча атайын саякат уюштурулду.
Маданий маршруттун жүрүшүндѳ кызыккан экспонаттары жѳнүндѳгү маалыматтарды сүрѳткѳ тартып жана жаздырып алууга да жетишишти.
Жаш кызматкерлеринин теориялык билиминин кеңейтип, музейлер, эстелик комплекстер, тарыхый жайлар менен тааныштырып жүргѳн жетекчиси жана жамааты, Улуттук тарых музейине жана уруксаат берген жетекчилигине соңунда ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90