КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ СССРДИН ЭЛ АРТИСТИ КАЙЫРГҮЛ САРТБАЕВАНЫН БУЮМДАРЫ САКТАЛЫП КЕЛЕТ
Мурас жайлардын флагманы болгон тарых музейинин фондусу акыркы жылдары залкарлардын предметтери менен ырааттуу толукталууда.
Кыргыздын опера ырчысы, элүүдѳн ашуун образдарды, алты жүздѳй ария, романс, партияларды аткарган инсандын буюмдары, мемориалдык фондунун эң баалуу топтомунун бири болуп калды.
Сахна ажарын ачкан бѳрктүү жана мончоктолуп жасалган баш кийими, саймаланып кооздолгон чыптамасы жана элине сиңирген эмгеги үчүн берилген СССРдин Эл артисти наамын тастыктаган документ экспонаттары, мекеменин негизги баалуулуктарынын курамына киргизилди.
Андыктан, ѳткѳндүн, учурдун жана келечектин күзгүсү саналган маданият жайларындагы интеллигенция ѳкүлдѳрүнүн буюмдарын татыктуу сактоо жана ал жѳнүндѳ эскерип жана айтып туруу милдетибиздин бири экендиги эсибизден чыкпоого тийиш.