музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫРГЫЗ-ТҮРК БИЗНЕС ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫРГЫЗ-ТҮРК БИЗНЕС ФОРУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КЕЛДИ

Кыргызстанга Түркия Республикасынан келген ишкерлер, кыргыз-түрк бизнес форумун алкагында тарых музейине атайын зыярат кылды.
Делегация курамын мекеменин башчысы, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
Илимий кызматкер тарабынан кыргыз тарыхы жана түрк дүйнѳсүнүн асыл мурастары, уникалдуу коллекциялары, саясий окуялары тууралуу экскурсия жүргүзүлдү.
Түрк меймандар дүйнѳдѳгү теңдешкис Манас эпосунун руханий-идеологиялык орду боюнча баянга ѳзгѳчѳ токтолушту.
Кыргыз тарыхы менен таанышып чыккан меймандар, соңунда байыркынын баалуулуктарын сактап келе жаткан музейге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90