музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  “ЭБЕГЕЙСИЗ УШУЛ КҮНДӨ, ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ ДҮЙНӨ” КӨРГӨЗМӨСҮ

“ЭБЕГЕЙСИЗ УШУЛ КҮНДӨ, ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ ДҮЙНӨ” КӨРГӨЗМӨСҮ

“Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу эл аралык кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү (2024-жылдын 16-18-май күндөрү)
Ачылышы: 2024-жыл 16-май
Башталышы: саат 15:00
Орду: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи (Чүй проспектиси 112, болжол Борбордук аянт)
“Аталар Изи” коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын колдоосу менен кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон кол өнөрчүлүктү, андагы баалуулуктарды (адам оюндагы оюуларды) жандандыруу, сактоо жана коомчулукка жайылтуу максатында “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу эл аралык кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн өткөрөт.
Көргөзмөнүн максаты:
– Этникалык кыргыздардын бизге чейин сакталып келген кыргыз мурасын чогултуу;
– Муундан-муунга мурас болуп келе жаткан кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон кол өнөрчүлүктү (узчулук, чеберчилик, устачылык, булгаарычылык ж.б.) сактоо;
– Кол өнөрчүлөргө шык берүү жана колдоо көрсөтүү;
– Улуттук маданиятты, баалуулуктарды даңазалоо жана келечек муунга өткөрүү;
– Жарандар арасындагы чыгармачылык жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү;
– Кол өнөрчүлөрдүн жаңы жүздөрүн коомчулукка жана эл аралык деңгээлге алып чыгуу;
– Улуттук баалуулуктар аркылуу тарыхты даңазалоо менен бирге табиятты коргоо;
– Этникалык кыргыздардын өз мекенине ыңгайлашуусу, (адаптация) алардагы сейрек кездешкен буюмдарын элибизге тааныштыруу жана жайылтуу;
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын Турциянын Ван аймагындагы Уулу Памир айылындагы энелердин колунан жаралган буюмдары көргөзмөгө коюлат. Мындан сырткары көчмөн жашоодогу Памир кыргыздарынын улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулат.
“Бул эл аралык көргөзмө өлкөбүз үчүн чоң мааниге ээ, анткени кыйырдагы кыргыздар касиети жогору кол өнөрчүлүк талантты аркалап, улуттук баалуулуктарыбызды, маданиятыбызды, тилибизди ушул мезгилге чейин сактап, күнүмдүк турмушта колдонуусу кыргыз дүйнөсүнүн баалуулугун дагы да арттырат”.
“Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу эл аралык кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү идея жана тажрыйба алмашуу аянтчасына айлануу менен катар кыргыз коомчулугунда анын ичинде кол өнөрчүлөрдүн изилдөөнүсүнө өбөлгө түзөт.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90