музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  ПРЕСС-МААЛЫМАТ

ПРЕСС-МААЛЫМАТ

Бишкек ш., КР Улуттук тарых музейи 18-май, саат 17:00-22-00
2024-жылдын 18-майында, саат 17.00дѳн – 22.00гѳ чейин Эл аралык салттуу Музейлер күнүнѳ карата “Музейдеги түн” акциясы ѳткѳрүлѳт.
Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири – Улуттук тарых музейинин масштабдуу 10 миңден ашуун кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳрдүн катышуусу күтүлгѳн акциясында, бир эле мезгилде 50гѳ жакын иш-чара уюштурулат.
Музей кѳрүүчүлѳрү жана сүйүүчүлѳрү үчүн экспозиция залдарында тарыхый персонаждардын образдарын чагылдыруу, “космос дүйнѳсү” авиация моделдери, робот техникалары, улуттук оюндар, живопись, аплликация, макраме, скульптура ж.б. түрдүү ѳнѳрлѳр боюнча мастер-класстар менен дүйнѳ элдеринин маданий ѳзгѳчѳлүктѳрүн чагылдырган кытайдын музыкалык аспаптары, кийимдери каллиграфиялык сулуу жазуу ыкмасы, чай ичүү церемониясы тартууланат. Арабдардын куфи, кыргыздардын рун жазуулары ж.б. боюнча чеберлердин кызыктуу программаларды тартууланып, викториналар ойнотулат.
Иш-чаранын алкагында манас айтылып, комузчулардын күүлѳрү аткарылат жана “Аталар изи” коомдук фондусунун кыргыз улуттук кийимдеринин этно-модасы, Памир кыргыздарынын каляктарынын кѳргѳзмѳсү, “Нур” Кыргыз этнографиялык коомунун “Ѳңүр” кийим коллекциясы, Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын жаш дизайнерлеринин кийимдеринин модасы кѳрсѳтүлѳт.
Уз чеберлер кыргыздын салттуу элечек ороо, калпак жасоо, кыздын чачын ѳрүү, жүн сабоо, упай, топ таш ойноо сыяктуу эзелки элдик ѳнѳрлѳрүн кѳрүүчүлѳргѳ үйрѳтѳт.
Атайын салтанаттуу жыйындар залында археологиялык изилдѳѳлѳр боюнча тасмалар кѳрсѳтүлѳт.
Музейдин ѳнѳктѳштѳрү катары Т. Абдымомунов атындагы Мамлекеттик Улуттук академиялык драма театры, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театры, “Аталар изи” коомдук фонду, “Кийиз дүйнѳ” коомдук фонду, “Алтын нур” комузчулар ансамбли, “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борбору, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Конфуций институту, Кыргызстан Жогорку медициналык мектеби, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык институту, Академик Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы, ж.б. мекемелер, ѳнѳр адамдары жана демилгечил инсандар жигердүү катышат.
Музей кыргыз элинин нарк дүйнѳсүн, тарыхын, маданиятын салтка айланган акция аркылуу жайылтуу жана пропагандалоо менен, музейлердин ролун кѳтѳрүүчү негизги миссиясынын бир багытын жүзѳгѳ ашырат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90