КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кореянын Улуттук Ассамблеясынын Маданият, спорт жана туризм боюнча комитетинин тѳрагасы Ли Сан Хон жетектеген жана Улуттук Ассамблеянын депутаты Ли Бен Хун, министрлигинин катчысы Пак Чан коштогон делегация курамын мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, сүйлѳшүү ѳткѳрдү.
Музей директору, эки ѳлкѳнүн министрлигинин колдоосу жана Кореянын Азия маданий борбору менен ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан санариптик кызматташуунун актуалдуулугун жолугушууда баса белгиледи.
Маданий алакага кѳпүрѳ болгон салттуу кызматташтык кѳптѳгѳн жылдардан бери уланып келе жаткандыгын, 2016-жылы “Манас” эпосуна арналган кѳргѳзмѳнүн Кореяда ачылышынын демилгечиси жана аткаруучусу болгондугун, музей долбоорлорду жана активдүү кызматташтыкты колдоорун айтып ѳттү.
Расмий меймандар, Азия маданий борбору менен тарых музейинде ишке ашырылып жаткан долбоорду жана башка байланыштарды кубаттарын ѳз тарабынан билдиришти.
Андан соң, кыргыз элинин кайталангыс коллекциялары менен таанышып чыгышып, суктануусун жана ыраазычылыгын билдирип кетишти.