музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “ЭБЕГЕЙСИЗ УШУЛ КҮНДѲ, ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ ДҮЙНѲ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КѲРГѲЗМѲЛҮҮ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “ЭБЕГЕЙСИЗ УШУЛ КҮНДѲ, ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗ ДҮЙНѲ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КѲРГѲЗМѲЛҮҮ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ.

Иш-чара “Аталар Изи” коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын колдоосу менен ѳттү.
Кѳргѳзмѳдѳ Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памирликтердин ууз жана чеберлеринин колунан жаралган жана урунган буюмдары коюлду.
Кыргыздын байыркылыгын жана кѳчмѳн элдин маданиятын кастарлап сактап келе жаткан Вандын кыргыздар атайын келип иш-чарага катышты.
Көргөзмөгө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, КР УИМдин Тарых институнун директору Аблабек Асанканов, “Аталар Изи” коомдук фондусунун жетекчиси Асел Калканова жана башка ишмерлер, окумуштуулар, окуу жайдын окутуучулары, улуттук маданиятты сактап жана жайылтып келе жаткан кыргыздын белдүү уул-кыздары катышып, эзелки насилди алып жүрүүчүлѳргѳ жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.
Улуттук иш-чаралардын ѳтүүчү ордосуна айланган тарых музейиндеги кѳргѳзмѳ 18-майга чейин улангандыктан, ата-бабаларыбыздын реликвиага айланган улуттук кийимдери, асем жасалгалдары, урунган буюм-тайымдары менен жакындан таанышып кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгѳндүктѳн, бардык кѳрүүчүлѳрдү элдик мурастан руханий канааттануу алып кетүүгѳ чакырабыз.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90