КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮНѲ АРНАЛГАН “МУЗЕЙДЕГИ ТҮН” АКЦИЯСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ѲТТҮ
Кыргызстандын Башкы музейинде уюштурулган Эл аралык салттуу музей майрамы ондогон программалардын жана миңдеген музей кѳрүүчүлѳрүнүн жана сүйүүчүлѳрүнүн катышуусунда ийгиликтүү ѳттү.
Салтанаттуу иш-чараны музей директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, “Музейлер – агартуу жана илимий-изилдѳѳ мекемеси” аталыштагы акциясы музейлердин ар багыттагы ролун жана потенциялын ачып кѳрсѳткѳн, музей менен кѳрүүчүнү жакындаткан, байыркы ѳнѳрлѳрдү жана азыркы заманбап жаңылыктарды даңазалаган майрам экендигине токтолду.
Акцияга атайын келип катышкан КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрайымы Винера Раимбачаева музей кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү күндѳ дүйнѳнүн 138 мамлекетинде ѳтүп жаткан иш-чаранын ѳзгѳчѳлүгүн белгилеп кетти.
Сѳз сүйлѳгѳн ѳкүлдѳр жана кѳрүүчүлѳр, салттуу жана салттуу эмес формада агартуу, усулдук, фондулук, кѳргѳзмѳ жана эл аралык кызматташтыкта, о.э. ар түрдүү акцияларды ѳткѳрүү менен активдүү аракеттенип жаткан музей жетекчилигине, эмгек жамаатына, музейдин ѳнѳктѳштѳрүнѳ, чыгармачыл топко жана маданиятты кастарлаган катышуучулардын калың тобуна ыраазычылыгын билдирип кетишти.
Акция кызыктуу концерттик программа, эзелкини даңазалаган этно жана заманбап модалар, кѳрүүчүлѳрдүн кумар черин жазган мастер-класстар, эс-шыктарын текшерген викториналар, интерактивдүү оюн-сабактар, жомок окуулар, тарыхый персонаждар, ж.б. менен коштолуп, элдин купулуна толду.
Музейдин 50дѳн ашуун иш-чарасы бул жылы миңдеген публиканы жыйнап, тарых музейинин туура маркетингинен популярдуулугу ѳсүп, активдүү жарандардын агымынын кѳбѳйүп жаткандыгын кѳрсѳттү.
Улуттук музей ѳзүнүн бардык маданий ресурстарын пайдалануу менен маданиятты мындан да бийик деңгээлге көтөрүүгѳ салымын кошууну улантат.