КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АРХЕОЛОГДОРДУ ЭКСПЕДИЦИЯГА ЖѲНѲТҮҮ САЛТАНАТТУУ АЗЕМИ ИШ-ЧАРАСЫ ѲТТҮ
Иш-чарага КР Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова, КР Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы тарых институтунун директору Аблабек Асанканов жана башка археолог жана этнолог окумуштуулардын жоон тобу, окуу жайдын мугалимдери, жаш окумуштуулар жана студенттер катышты.
Расмий сѳз алган КР Министрлер Кабинетинин тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов каражат максаттуу, даректүү жана отчеттуу болоорун белгилеп, изилдѳѳчүлѳргѳ ийгилик каалады.
Иш-чарада сѳз сүйлѳгѳн жетекчилер жана окумуштуулар КР Президенти Садыр Жапаровдун жана КР Министрлер Кабинетинин тѳрагасы Акылбек Жапаровдун чыгарган “Кѳѳнѳ тарых сырлары” Жарлыгы менен Токтомунун илимге олуттуу ачылыштарды алып келген жана изилдѳѳлѳргѳ чоң салым кошкон укуктук-ченемдик документ болуп калгандыгын, илимий изилдѳѳлѳргѳ алгач ирет бѳлүнгѳн 584 млн сомдук каржылык каражат тарыхый мурастарды жандандырууга чоң ѳбѳлгѳ түзѳѳрүн баса белгилешти.
О.э. олуттуу кѳйгѳйлѳрдү ортого салып чечүү жана мамлекеттик деңгээлдеги колдоого археология, этнология жана музейлештирүү иштери зарыл экендигине атайын фактылык маалыматтар менен токтолушту.
Салтанаттуу жыйын чоң пландар, чоң максатты ийгиликтүү ишке ашыруу тууралуу каалоо-пикирлер жана ѳлкѳ жетекчилерине ыраазычылык билдирүү менен жыйынтыкталды.