КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ СИНЬЦЗЯН ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ КЕЛДИ
Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Синьцзян Педагогикалык университетинин ректору У Мань Цзянъ ай Ли мырза, Эл аралык маданий карым катнаш институтунун директорунун орун басары Ли Цзин Хуань, университеттин Бѳлүм башчысы Май Хэ Фу Лай Ти Кань Цзи жана Кыргыз Улуттук университетинин Конфуций институнун жетекчиси кызматташуу максатында тарых музейине келди.
Кытай ѳлкѳсүнүн билим тармагынын ѳкүлдѳрүн, музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, иштиктүү сүйлѳшүү ѳткѳрдү.
Расмий мейман, окуу жайдын базасында эки элдин алакасын арттырган “Манас” изилдѳѳ борбору активдүү иш жүргүзүп келе жаткандыгын жана ушул багытта кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.
Мекеме жетекчиси, Манасты изилдѳѳ борборунун иши менен жакындан тааныштыгын, 2 миңден ашуун окуу куралдарын Кыргызстандан окуу жайга жѳнѳткѳндүгүн, Манас темасын изилдеп келе жаткан докторант жана окумуштууларга илимий, адабий жана тарыхый изилдѳѳ жагынан бардык кѳмѳктү кѳрсѳтүүгѳ даярдыгын жана Манас жана Улуу Жибек жолу темасынын алкагында ар тараптуу мамилени чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
О.э. Кытай элчилиги менен активдүү байланыштар жүргүзүлүп, Конфуций институту менен Меморандумдун алкагында тыгыз иштер алынып барылып, Шэньси музейи ж.б. маданий мекемелер менен байланыштар түзүлгѳндүгү жана кытай тараптан келген жогорку делегациялардын келип жаткандыгы, кыргыз-кытай алакасынын динамикасынын ѳсүү темпин ачык кѳрсѳтѳѳрүн айтып ѳттү.
Андан соң, Кыргызстандын кайталангыс суктандырган экспонат топтомдору тууралуу меймандарга тааныштыруу иши жүргүзүлдү.
Окуу жайдын жетекчилери жетишилген макулдашууга ыраазычылыгын билдирип, музей директорун кызматташтыкты тереңдетүү үчүн Синьцзян Педагогикалык университетине келип кетүүсүн ѳтүнүп, ыраазычылыгын билдирип узашты.