КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ЭЛ АРАЛЫК БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ИШ-ЧАРАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ѲСПҮРҮМДѲРГѲ АКЫСЫЗ ЭКСКУРСИЯ УЮШТУРУП БЕРДИ
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн уюштуруусу менен ѳткѳн Эл аралык балдарды коргоо иш-чарасынын алкагында, КР Улуттук тарых музейи талантуу 200гѳ чукул жаш балдарга акысыз негизде маданий-агартуучу экскурсия жүргүздү.
Музейдин илимий кызматкерлери, балдардын майрамына карата руханий эс алуу тартуулоо максатында, Кыргыз элинин байыркы тарыхынан – Эгемендүү Кыргызстандын турмушуна чейин ырааттуу баяндама жүргүзүп, мифтердин, жомоктордун, уламыштардын, санжыралардын, тарыхый чындыктардын терең мааниси тууралуу чечмелеп, түшүндүрүп беришти.
Соңунда, эстетикалык ырахат, жан дүйнѳ кумарын алган ѳлкѳнүн келечек ээлери жана уюштуруучулары, тарых музейинин коллекцияларына суктануусун жана ыраазычылыгын билдиришти.