музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ “МОЛДО НИЯЗ МУРАСТАРЫ” КООМДУК ФОНДУНУН НЕГИЗДѲѲЧҮСҮ МЕНЕН СҮЙЛѲШҮҮ ѲТКѲРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ “МОЛДО НИЯЗ МУРАСТАРЫ” КООМДУК ФОНДУНУН НЕГИЗДѲѲЧҮСҮ МЕНЕН СҮЙЛѲШҮҮ ѲТКѲРДҮ

КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова тарыхый инсанды таанытып, нар кѳтѳргүс эмгегин элге даңазалап келе жаткан “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун негиздөөчүсү Азамжан уулу Айтматты кабыл алып, алгачкы жазгыч акын Молдо Нияздын ѳмүр жолу жана ишмердүүлүгү, о.э. адабият, маданият чѳйрѳсүндѳгү жаңылыктар тууралуу иштиктүү атмосферада пикир алышты.
Аалым акындын мурастары Кыргызстандын башкы музейинде сакталып жана окулуп турсун деген кыргыздын мекенчил уулу, “Молдо Нияз — Алгачкы агартуучу”, “Молдо Нияз Улуттук татыктуулук үчүн күрөш”, “Молдо Нияз – Алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын”, “Санаттар”, “Академик Юнусалиев Б.М.” аттуу эмгектерин музейдин фондуна жана китепканасына белекке расмий ѳткѳрүп берди.
Мекеме жетекчиси, алгачкы жазма акын, агартуучу, ойчул улуу инсандын санатка айланган чыгармаларынын тарых музейине тапшырылышына ыраазычылыгын билдирди.
Музей ордолуу жай катары, ысымы легендага жана унутулгус баянга айланган инсандардын эмгектерин топтоп, сактап, жайылтууну милдетин коомчулук менен бирге жигердүү улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90