музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ КР АРХИТЕКТОР СОЮЗУНУН ТѲРАГАСЫ МЕНЕН СҮЙЛѲШҮҮ ѲТКѲРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ КР АРХИТЕКТОР СОЮЗУНУН ТѲРАГАСЫ МЕНЕН СҮЙЛѲШҮҮ ѲТКѲРДҮ

КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова атайын келген “Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы Муратбек Бейшенбаев менен жолугуп, маданият жана архитектура тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу сүйлѳшүү жүргүздү.
Архитектура союзу менен Улуттук музейдин буга чейин биргелешип ачкан кѳргѳзмѳсүнѳ жана башка иш-чараларга колдоо кѳрсѳткѳндүгү, эки тараптуу жемиштүү кызматташтыкка кошкон салымы үчүн Муратбек Бейшенбаев музей жетекчиси Жылдыз Бакашовага жана илимий иштер боюнча орун басары Анаркүл Исиралиевага терең ыраазычылыгын билдирип, ыраазычылык катын расмий тапшырды.
Маданияттын ажырагыс бир бѳлүгү саналган архитектуралык курулуштар, тарыхый имараттар, тарыхый эстеликтер жана тарыхый инсандардын ишмердүүлүгү жаатындагы бекем алака улана берээрин жетекчилер билдирип, биргеликте иштерди улантууну убадалашты.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90