музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “ЖИБЕК ЖОЛУ ѲЛКѲЛѲРҮНҮН АЯЛДАРЫНЫН МАДАНИЙ ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛЫК ДИАЛОГУ” АТАЛЫШТАГЫ ФОРУМУ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “ЖИБЕК ЖОЛУ ѲЛКѲЛѲРҮНҮН АЯЛДАРЫНЫН МАДАНИЙ ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛЫК ДИАЛОГУ” АТАЛЫШТАГЫ ФОРУМУ ѲТТҮ

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова расмий ачып жана алып барды.
Алгач сѳз сүйлѳгѳн Жылдыз Бакашова, Улуу Жибек жолундагы ѳлкѳлѳрдүн алдыңкы аялдарынын заманбап стилининин жана ишмердигинин калыптанышына жол салган жана кыргыз-кытай эки коңшу ѳлкѳнүн тарыхый-маданий байланышын жанданткан, ынтымагын чыңдаган форумдун ролунун бийиктигине токтолду.
Дүйнѳлүк цивилизациянын, маданияттын жана тарыхтын уникалдуу коммуникациялык каражаты болгон “Улуу Жибек жолу” ѳзгѳчѳ феномен катары XV к. ортосуна чейин ѳкүм сүрүп, азыркы учурда “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагындагы концептуалдуу демилгелердин аркасында ылдам ѳнүгүүдѳ деп белгиледи.
О.э. аялзатынын идеяларын, максаттарын ишке ашыруучу бул аянтты инновациялык жетишкендиктерге ийгиликтүү пайдалануу максатында “Улуу Жибек жолундагы Аялдардын үйү” долбоорунун негизинде тереңдетүү керектигин айтып ѳттү.
Форумга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень, КР Улуттук тарых музейинин КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Шэньси провинциясынын аялдар федерациясынын тѳрагасынын орун басары Данг Цзе, жана башка кѳптѳгѳн активдүү аялзаты катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ, элчи айым, демилгечилер жана ѳнѳктѳштѳр, аялзатынын жандуу маданий аянтчасына жана платформасына айланган форумдун ишин үзгүлтүксүз улантуу менен мамлекеттер аралык кызматташууга салым кошуу, демилгелерди колдоо, аялдардын ишмердигине дем берүү тууралуу сѳз сүйлѳштү.
Расмий бѳлүктѳн кийин, Жибек жолунун дизайнерлер Союзунун мыкты кийимдеринин 50 модели, табигый кийиз, жибек, ж.б. кездемелерден тигилген заманбап кийимдеринин коллекциялар модасы тартууланып жана кыргыз жана кытай дизайнер чеберлеринин Жибек жолунун гүлдѳѳсүн, сулуулугун жана гармониясын чагылдырган эмгектери кѳрсѳтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде ѳткѳн иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90