музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ТҮРКТѲРҮНҮН МАДАНИЯТ ЖАНА ТИЛЕКТЕШТИК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ТҮРКТѲРҮНҮН МАДАНИЯТ ЖАНА ТИЛЕКТЕШТИК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ КЕЛДИ

Түркиядагы Ван кыргыз түрктѳрүнүн Маданият жана тилектештик ассоциациясынын башчысы Абдулметин Кескин жетектеген меймандар, маданий-спорттук иш-чаранын алкагында, кыргыз кесиптештери КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулунун жана Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулунун коштоосунда тарых музейин кѳрүүгѳ келишти.
Боордош кыргыз делегация тобун, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, маданият багытындагы иштер тууралуу сүйлѳшүп, музейдин баалуу китебин белекке берди.
Андан соң, музейдеги ата-бабаларыбыздын уникалдуу коллекциялары менен тааныштыруу иши жүргүзүлдү.
Чет жердеги кыргыздын элдүүлүгү үчүн күрѳшкѳн, маданиятын кастарлап сактап келген Жусуп Мамай, Рахманкул хан, Ысакбек Мониев сындуу улуу инсандардын ѳмүр жолу тууралуу кызыгуу жана алардын осуяттары тууралуу ой-пикирлерин билдирүү менен кѳрүштү.
Соңунда, улуттун руханий кенчин сактап келе жаткан мекемеге жана жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90