музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРЖАТТАРЫ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЖАЛПЫГА МААЛЫМДОО КАРЖАТТАРЫ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Музейде, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусу менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору презентацияланды.
Иш чарага элчилер, эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү, маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү катышты.
КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу мыйзам долбоору тууралуу жалпы маалымат берип, жогортон демилгеленген укуктук документ, маалымат каражаттары менен мамлекеттик органдардын эриш-аркак жасалуучу ишин координациялоого, маалымат коопсуздугун чыңдоого, медиа борборлордун жана журналисттердин ишмердүүлүгү үчүн мыйзам базасын жакшыртууга багытталганын жүйѳлѳп түшүндүрдү.
Жыйынга катышкан активдүү медиа ѳкүлдѳрү жана кайдыгер эмес коомчулук мамлекеттүүлүктүн келечегине пайдубал боло турган долбоор тууралуу олуттуу сунуш-пикирлерин сунушташып, позициясын билдиришти.
Музейдин ордолуу залында ѳткѳн долбоордун презентациясы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Кыргызстандын Башкы музейи медиатор катары, ѳз аянтын коомдук ѳнүгүүгѳ, ынтымакка, маданий диалогго берүү менен кызматын жигердүү улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90