КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КОРЕЙ АДИСТЕРИ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО БОЮНЧА СЕМИНАР ѲТТҮ
Корея Республикасынын Азия маданиятынын борбору менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан долбоордун алкагында, кезектеги семинар ѳткѳрүлдү.
Уникалдуу экспонаттарды башкаруунун кыргыз системасынын маданий контентин иштеп чыгуу боюнча семинарда, репрезентативдүү артефактардан түзүлгѳн видеоролик тартуунун ыктары, музейдин мыкты коллекцияларын популярдаштыруу жолдору үйрѳтүлдү.
Кыргызстандын маданий мурастарын жана музей топтомдорун кѳрүүчүлѳрдүн калың катмарына технологиялык жетишкендиктерди колдонуу менен жайылтуунун жолдору тууралуу ѳткѳрүлгѳн практикалык-усулдук окутууда, кызматкерлер бай маалымат топтошту.
Алдыңкы жылдары музей кѳрүүчүлѳрү жана изилдѳѳчүлѳр, экспонаттар менен алыскы аралыктан таанышуу мүмкүнчүлүгүн жараткан семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды.