КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИГИНИН ИШКЕРЛЕРИ КЕЛДИ
Кыргызстанда иш сапарда жүргѳн Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарынын теги индиялык ишкерлери атайын келип, музей экспозициясынын раритеттери менен таанышты.
Бишкек-Дубай соода-экономикалык кызматташтыкты ѳнүктүрүүгѳ салым кошуу максатында жүргѳн ишкерлерге, маданий программанын алкагында кызыктуу экскурсия жүргүзүлдү.
Кыргызстандын аймагындагы орто кылымдагы колориттүү архитектуралык эстеликтер, Индия ѳлкѳсүнѳн келген маржан таштар, бийчи аялдын келбети берилген эзелки буюм, ислам маданиятынын ыйык табылгалары меймандардын суктануусун жаратты.
Ишкер меймандар, соңунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын байыркылыгын кѳрсѳткѳн коллекциялардан руханий энергия алганын билдиришти.