музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРОРУ ЖЕТЕКТЕГЕН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКЫ ПРОКУРОРУ ЖЕТЕКТЕГЕН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Шанкай кызматташтык уюмунун жана Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы прокурорлор Кеңешинин жыйындарынын алкагында, Кыргызстандын Аскер прокурору Мирбек Расулов, кытайлык кесиптеши КЭРдин Башкы прокурору Ин Юн жана делегация тобу менен тарых музейине саякат жасады.
Расмий даражалуу меймандарды, КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова ѳзү тосуп алып, биргеликте кыргыз тарыхы жана маданияты менен таанышышты.
Байыркы эки элдин байланыштарын чагылдырган музейдин кѳркѳм коллекциялары жана саясий-тарыхый дипломатиясын ачып берген жазма булактардагы маалыматтар аркылуу, кеңири маалымат илимий кызматкер тарабынан берилди.
Ин Юн мырза жана делегация ѳкүлдѳрү, соңунда атайын тосуп алган музей жетекчисине жана баа жеткис кенчтердин ордосу болгон мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90