КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ, ѲЗБЕКСТАН ѲЛКѲЛѲРҮНҮН ПРОКУРОРЛОРУ КЕЛДИ
Кыргызстандын Башкы музейин атайын кѳрүү үчүн келген расмий меймандарды мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев баштаган ШКУ ѳлкѳлѳрүнүн башкы прокурлорунун 22-отурумунун жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы прокурорлорунун Кеңешинин 3-отурумунун катышуучу прокурорлору, кыргыз элинин басып ѳткѳн жолу менен таанышуу үчүн тарых музейине келишти.
Атайын келген меймандарга, илимий кызматкер кыргыздардын салттуу башкаруу эрежелери жана ал укук-ченемдик чечимдердин сакталышын, кѳзѳмѳлдѳнүшүн жана аткарылышын чечишкен адилет бий, казылардын ролу тууралуу салыштыруу менен түшүндүрүп берди.
Археологиялык кызыктуу табылгалардан – Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна чейин угуп-кѳрүшкѳн меймандар, музей жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыгын билдиришти.