КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖАНА КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН ЖЫЙЫНЫ ѲТТҮ
Музейдин жарым жыл ичинде жасалган жана алдыга пландалган иштеринин жыйынтыгы боюнча жыйынды, мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова ачты.
Алгач музей директору, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун 100 жылдык мааракесине белгиленген жана алдыдагы КР Улуттук тарых музейинин 100 жыл толушуна карата ѳткѳрүлүүчү иш-чараларды, Республикалык масштабда чет ѳлкѳлүк ѳнѳктѳштѳрдүн жана меймандардын катышуусунда ийгиликтүү ѳткѳрүп алуу иштерине токтолду.
Музей тарабынан ички жана эл аралык кызматташтык алкагында ишке ашкан жана макулдашылган гранттар, долбоорлор, сыйлыктар, эл аралык кѳргѳзмѳлѳр, санариптик системаны киргизүү, ж.б. багыттагы аткарылган иштер боюнча эмгек жааматына билдирип, анын жыйынтыгы коомчулукка кѳрүнүп калгандыгын белгилеп ѳттү.
О.э. администрация жана профсоюз уюму, музейдин ички документтерин толуктоо жана аткарылышын жѳнгѳ салуунун маанилүүлүгүнѳ жоопкерчилик менен кароо керектигин айтышып, ѳз ишин жакшы аткарган кызматкерлердин эмгегин так баалоонун критерийлери тууралуу түшүндүрүштү.
Кылым карытып, 1925-жылдан бери 100 жылга чукул коомго кызмат кылган тарых музейи, ѳлкѳгѳ салмактуу салымын кошуп, маданий-агартуу багытындагы ишин жигердүү улантат.