КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ФОНДУСУНДА ЖАНА КѲРГѲЗМѲСҮНДѲ УНИКАЛДУУ БУЮМДАР САКТАЛЫП КЕЛЕТ
Бишкек шаарынын тургуну, табиятынан мекенчил, мээнеткеч, илимдүү инсан Жумалиев Майрамбек ѳткѳргѳн, Кыргызстандын Жумгал, Чоң Алай, Токтогул сындуу ар аймагынан жыйнап келген баа жеткис араб, татар жана чагатай тилиндеги китептери тарых музейинин коллекциясын байытты.
19-кылымдын башындагы Ташкенттен чыккан “пайгамбардын тарыхы” эмгеги, Казанда басылган “аялдар журналы”, Түркияда жарык кѳргѳн “дубалардын топтому”, эски чагатай тилинде жазылган “диний ырлар” камтылган кол жазма, ж.б. түшүндүрмѳ сѳздүктѳр, жадидизмге тийиштүү окуу китептери ѳткѳн мезгилдин коомдук-маданий, билим берүү жана диний ѳнүгүшүн кѳз алдыга элестүү тартып берет.
Тарых сүртүмдѳрүн сыдыргыга салгандай тизмектеп берген, үгүт-наасатка айланган табериктердин орду чоң экендигин тарых тастыктап келүүдѳ.
Андыктан, эски эмгектердин ички мазмунун терең түшүнгѳн, окуп-чечмелген, жыйнап-топтогон Жумалиев Майрамбек сындуу инсандарыбыз менен музей сыймыктанат жана бирге иштешүүнү милдети деп эсептейт.