КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АГА ХАН ТРАСТЫНЫН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ ЛУИС МОНРЕАЛ ЖЕТЕКТЕГЕН СЫЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кыргызстандагы маданий кызматташтыктын алкагында, Ага Хан Трастынын маданият боюнча Башкы Менеджери Луис Монреал, музыка боюнча программасынын директору Фейруз Нишанова, кызматкери Кирилл Кузьмин, архитектура тармагы боюнча директору Фаррох Дерахшани жана Эмре Аролат Архитектуралык бюросунун негиздѳѳчүлѳрүнүн бири, архитектор Гонча Пашолар айым тарых музейине саякат жасады.
Меймандар тарыхый жайдын археологиялык жана этнографиялык уникалдуу буюмдары, Совет доорунун жана Эгемендүү Кыргызстандын негизги окуялары менен таанышып, баалуу экспонаттарга суктануусун, ѳлкѳнүн маанилүү тарыхына болгон терең кызыгуусун билдиришти.
Соңунда, атайын маданий экскурсияга уруксаат берген музей жетекчилигине ыраазычылыгын жана ырахматын айтышты.