музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАРГА КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАРГА КАТЫШТЫ

ПРООН менен кызматташтыктын алкагында, КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси жана кызматкерлери үчүн инклюзивдүү музей ачуунунун концепциясы менен коммуникативдик стратегиясы боюнча семинар ѳттү.
Музейдин кызматкерлери жана менталдык ден-соолугу боюнча катышкан жарандар, инклюзивдик билим боюнча теориялык жана практикалык семинарды жандуу талкууда ѳткѳрүштү.
2-күнү семинарга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ѳкүлү Бактыбек Секимов, КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова, ПРООНДун Кыргыз Республикасындагы туруктуу ѳкүлү Александра Соловьева жана башка ведомстволордун ѳкүлдѳрү катышты.
Атайын доклад жасаган музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова долбоорду ишке ашыруудагы Александра Соловьеванын демилгесин ѳзгѳчѳ белгиледи.
Докладына Жол картасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, ПРООН жана башка донорлор тарабынан менталдык мүмкүнчүлүгү барларга атайын коляска жана жабдууларды алып берүү, экспозиция залында тынч сенсордук бѳлмѳ үчүн жабдууларды алуу, экспозиция залына тифломаршрут жана тифлокомментарийди иштеп чыгуу, музей предметтеринин тактилдик кѳчүрмѳлѳрүн жасоо жана тактилдик экскурсияны даярдоо, маалымат киоскларын орнотуу, музейдин базасында ресурстук база түзүүгѳ жардам кѳрсѳтүү иштери аркылуу, инклюзивдүү моделдүү музейди түзүүгѳ колдоо кѳрсѳтүүнүн конкреттүү багыттарын сунуштады.
ПРООН менен музей ортосундагы, кезектеги инклюзитивдик музей долбоорун ишке ашырууга багытталган иштиктүү кызматташуусу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90