музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БЕЛГИЛҮҮ ТѲКМѲ АКЫН, ЗАЛКАР КОМУЗЧУ КОРГОЛ ДОСУ УУЛУНУН КѲРГѲЗМѲ БУРЧУ АЧЫЛДЫ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ БЕЛГИЛҮҮ ТѲКМѲ АКЫН, ЗАЛКАР КОМУЗЧУ КОРГОЛ ДОСУ УУЛУНУН КѲРГѲЗМѲ БУРЧУ АЧЫЛДЫ

Улуттук музейде мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин катышуусунда, улуу инсандын ѳмүр жолун чагылдырган фотодокументалдык жана буюм-китептерден турган атайын бурч ачылды.
Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, КР Президентинин Админстрациясынын бѳлүмүнүн башчысы О. Капалбаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, К. Сулайманов, М. Самыйкожо, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Г. Абдыкалыкова, КР Улуттук тарых музейинин директору Ж. Бакашова, коомдук ишмер О. Артыкбаев, кѳрүнүктүү хирург С. Жумабеков, о.э. “Сатыкей” коомдук бирикмесинин ѳкүлдѳрү, Коргол акындын урпактары, окуу жайдын студенттери, ѳнѳр адамдары катышты.
Иш-чараны КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова алып барып, Коргол Досу улуу орошон талант, ѳзгѳчѳ ѳнѳр ээси болгондугун белгиледи.
Сѳз сүйлѳгѳн КР Мамлекеттик катчысы жана жетекчилер залкар инсандын маданиятка кошкон ѳлчѳѳсүз эмгегин, сѳзүнүн нар кѳтѳргүс күчүн, тѳгүп ырдаган тѳкмѳлүгүн, жүрѳк козгогон күүлѳрүнүн сырларын, дастанчылыгын, ж.б. куржун толо ѳнѳрүн санап ѳтүштү.
Андан соң Амантай Кутманалиев, Шекербек Адылов, Азамат Болгонбаев, Асылбек Маратов сындуу тѳбѳсү кѳрүнгѳн акындар Коргол Досу уулунун тарыхтагы орду тууралуу тѳгүп ырдашып, айтылуу “Акбакай” күүсү чертилип, “Дүнүйѳ” ыры ырдалуу менен иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Атактуу инсандардын катарын толуктаган Коргол акындын ѳмүр жолун чагылдырган, тарых музейи тарабынан түзүлгѳн туруктуу кѳргѳзмѳ бурчу, кыргыз маданиятынын алтын мурасынын бири болуп калмакчы.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90