музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ФРАНЦИЯ ѲЛКѲСҮНҮН ЭЛЧИСИ НИКОЛЯ ФАЙ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ФРАНЦИЯ ѲЛКѲСҮНҮН ЭЛЧИСИ НИКОЛЯ ФАЙ КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Николя Фай, маданият боюнча тажрыйбалуу атташеси Этьен Лансело жана башка жооптуу ѳкүлдѳрү менен жолугуп, сүйлѳшүү жүргүздү.
Расмий сүйлѳшүү жогорку деңгээлде ѳтүп, маданият жана музей ишинин кеңири спектри боюнча тараптар кызматташууга даярдыгын билдиришти.
Музей жетекчиси Жылдыз Бакашова Франция менен музей ѳз ишмердүүлүгүнүн алкагында, ар тараптуу профессионалдык аспекте конкреттүү долбоорлор, кѳргѳзмѳлѳр, тажрыйба алмашуу иши жүргүзүлүп жатканынын жана улантуу зарылдыгын, о.э. элчилик музейге ѳткѳрүп берген француз саякатчысы Пол Пелионун эмгегинин кыргыз тарыхындагы ордунун маанилүүлүгүн белгилеп ѳттү.
Франция элчиси Николя Фай мырза, азия маданиятынын Париждеги Гиме музейи, Борбордук Азияны изилдөө боюнча франция институту (IFEAC) жана Элчиликтин бардык мүмкүнчүлүгүн колдонуп, тажрыйба алмашуу, котормо, кѳргѳзмѳ иштери, ж.б. багыттарда кѳп иштерди алып барууга кызыкдарлыгын билдирди.
Соңунда, меймандар музейдин бай мурастары менен таанышып, ар тараптуу сунуштарды түз колдогон жана улантууга ынтызарлыгын билдирген музей жеткечилигине ыраазычылыгын билдиришти

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90