музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ВЕНГРИЯ МАМЛЕКЕТИНИН КѲРГѲЗМѲСҮ РАСМИЙ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ВЕНГРИЯ МАМЛЕКЕТИНИН КѲРГѲЗМѲСҮ РАСМИЙ АЧЫЛДЫ

Венгриянын эң белгилүү интеллектуалдык байлыктарынын бири – Матьо элинин жашоо образы, маданияты, элдик искусствосу жана кийиминин кѳргѳзмѳсүнѳ арналган иш-чара тарых музейинде уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шандор Дороги, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова жана мамлекеттик-коомдук ишмерлер, кол ѳнѳрчүлѳр, музей кызматкерлери менен кыргызстандагы венгер улутунун ѳкүлѳрү катышты.
Элчи мырза Шандор Дороги, Матью сайма маданияты Венгрия элдик искусствосунун теңдешкис байлыгы экендигин белгилеп, кѳргѳзмѳнү ачууга зор салым кошкон музей жетекчисине ыраазычылыгын билдирди.
Атайын сѳз сүйлѳгѳн мекеме жетекчиси Жылдыз Бакашова, венгр элинин жашоо философиясы, ѳзгѳчѳ сайма ѳнѳрү миңдеген элдин суктануусун жаратып жаткандыгына, 3 ѳлкѳнүн биринчи айымдары атайын кѳрүп кеткендигине токтолуп, о.э. Кыргызстандын мыкты экспонаттарынын кѳргѳзмѳлѳрү КР Президентинин визитинин алкагында Венгрияда да ачылгандыгын, Венгриянын этнографиялык музейи менен меморандум түзүлүп, ар багыттагы иштерге жол салынгандыгын жана бул кызматташууларга тажрыйбалуу дипломат Шандор Дороги мырзанын кошкон салымы чоң экендигин белгилеп ѳттү.
Белгилей кетчү нерсе, сайма ѳнѳрү Кыргызстанда да жогору бааланат. Эгерде кыргыздын декоративдик стилине геометриялык формалар, жаныбарлар жана ѳсүмдүк мотивдери мүнѳздүү болсо, Матьо стилине жүзүм сабагы, роза гүлү жана канаттуулар негизги орунду ээлейт.
Матьо саймалары уникалдуулугу менен 2012-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендигин белгилѳѳгѳ болот.
Илимдүү публика катышкан, Улуттук тарых музейинде ѳткѳн кѳргѳзмѳ кѳрүүчүлѳрдүн купулуна толуп, түзүүчүлѳр тарабынан берилген маалыматтар билимдүү адамдардын акыл куржунун толтуруп, эки элдин достугун бекемдѳѳ менен ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90