МУЗЕЙ ДИРЕКТОРЛОРУНУН САНАРИПТИК ДОЛБООР БОЮНЧА УЮШТУРУЛГАН СЕМИНАРЫНА, МУЗЕЙ ДИРЕКТОРУ, ПРОФЕССОР ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА КАТЫШТЫ
Корея Республикасынын Азия маданиятынын борборунун «Кыргыз Республикасынын маданий ресурстарын башкаруу системасын түзүү жана маданият тармагындагы кадрдык потенциалды чыңдоо» долбоорун кезектеги семинары музей директорлору менен талкууланды.
Музей үчүн ѳтѳ маанилүү саналган семинарга КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова катышып, 2025-жылы дагы экспонаттарды каттоого алууну илгерилетүү жана тарых музейинин фондулук предметтеринин негизиндеги анимациялык тасма тартууну ишке ашыруунун зарылдыгы тууралуу белгиледи.
Корей адистери, кийинки экспонаттардын электрондук вариантын демонстрациялаган жабдууларды орнотуу, QR-код аркылуу маалымат берүүнү ишке киргизүү, адистерди окутуу жана алдыда аткарылуучу бир канча жумуштар тууралуу маалымат беришип, анимациялык тасма тартуу же тартуу ыкмасын үйрѳтүү долбоордун колдоого алуучу приоритеттүү ишинин бири экендигине токтолушту.
Музей предметтерин сактоого жана санарипке ѳткѳрүүгѳ арналган семинар-тренинг ийгиликтүү жыйынтыкталды.