музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ САХА РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШЧЫСЫ АЙСЕН НИКОЛАЕВ ЖЕТЕКТЕГЕН ЖОГОРКУ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ САХА РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШЧЫСЫ АЙСЕН НИКОЛАЕВ ЖЕТЕКТЕГЕН ЖОГОРКУ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Кыргыз Республикасына жогорку расмий визитинин алкагында келген меймандарды КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
КР Башкы музейине КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев коштоп келген Саха (Якутия) Республикасынын Башчысы Айсен Николаев, Саха Республикасынын Эл Түмѳнүнүн Тѳрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков, Саха Республикасынын Ѳкмѳтүнүн, Саха Республикасынын Башчысынын Администрациясынын жетекчилери, ж.б. жогорку расмий делегация ѳкүлдѳрү музей экспозициясын кызыгуу менен кѳрүп чыгышты.
Кыргызстандын археологиялык топтомдорунун байлыгы, этнографиялык буюмдарынын кѳп түрдүүлүгү, советтик мезгилдеги ѳнүгүүсү жана Эгемендүү Кыргызстандын руханий турмушунун жетишкендиктери тууралуу кызыгуу менен угушту.
Ѳзгѳчѳ экспозициядагы Кыргыз Совет Улуттук мамлекеттүлүгүн түзүү мезгилиндеги Кыргыз ССРинин КП БКынын биринчи катчысы кызматын аркалаган кѳрүнүктүү мамлекеттик жетекчи, XX кылымдын биринчи жарымындагы саха элинин алдыңкы мамлекеттик ишмери Максим Аммосовдун эмгеги чагылдырылган маалыматка токтолушту.
Маданий программанын жүрүшүндө, мекеменин директору, профессор Жылдыз Бакашовага ыраазычылыгын айтышып, символикалык белегин музейге тапшырышты. Музейдин атынан да кыргыз элинин баалуу таш айкалдеринин тарыхы камтылган китеби меймандарга белекке берилди.
Мамлекеттер аралык дипломатияны кеңейтүү максатындагы иш сапардын жүрүшүндѳ, ѳлкѳнүн уникалдуу коллекциялары даңазалап келе жаткан музейге келип, эс алышкан меймандар, соңунда мекеменин администрациясына жана кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90