музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮНѲ КАРАТА ЖАⱧЫЛАНГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮНѲ КАРАТА ЖАⱧЫЛАНГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

“Манас” эпосунун күнүнѳ карата, КР Улуттук тарых музейи менен Манас улуттук академиясы биргеликте кѳргѳзмѳлүү иш-чара уюштурду.
Иш-чараны музей директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, ѳз сѳзүндѳ мазмуну, масштабы боюнча демейки баатырдык эпостордон алда канча айырмаланган, адамзаттын шедеври деп таанылган жана идеологиялык терең мааниси бар Манаска арналган бѳлүмүнүн жаңыланып жана толукталып ачылышы жана Манас айтуу иш-чарасы аркылуу чоң иш аткарылып жана коомго улуу мурасты жайылтууга аракеттер кѳрүлүп жатат деп белгиледи.
Иш-чарага катышкан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Манас улуттук академиясынын директору Азиз Биймырза уулу, Эл жазуучусу Асан Жакшылыков, манасчы Рысбай Исаков жана Казакстан менен Ѳзбекстандан келген белгилүү меймандар, ѳз сѳздѳрүндѳ Манас эпосунун илимийлүүлүгүн, элдин энциклопедиясы экендигин белгилеп ѳтүштү.
Андан соң, кѳргѳзмѳ расмий ачылып, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, окуу жайдын студенттерине эпос, айтуучулар жана изилдѳѳчүлѳр тууралуу илимий баяндама жүргүзүлүп, манасчылар тарабынан музейде бир күн бою “Манас” айтуу иш-чарасы уланды.
Дүйнѳдѳ теңдешкис чыгарма – “Манас” эпосунун күнүнѳ карата тарых музейинде уюштурулган иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90