музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КЕЛДИ

Илимий-маданий кызматташтык тууралуу байланыш түзүү максатында келген меймандарды музей директору, профессор Жылдыз Бакашова кабыл алып, сүйлѳшүү жүргүздү.
КЭРдин Элдик университетинин проректору, профессор Чжи Сяоцян баштаган Экономика жана Бизнес институтунун директору И Цзинтао, илимий бѳлүмдүн башчысы Цянь Минхуэй жана эл аралык бѳлүмдүн кызматкери Чжан Иболор тарых музейи менен окуу жайдын ортосунда байланышты жандандыруу сунушун киргизишти.
Мекеме жетекчиси Жылдыз Бакашова, окуу жайлар менен маданий мекемелердин эл аралык алкакта кызматташуусу зарыл экендигин, музей бардык практикалык сунуштарды ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Тараптар талкуунун жүрүшүндѳ, алдыда аткарылуучу иштерди макулдашышты.
Кыргызстандын Башкы музейинин иштиктүү кабыл алуусуна жана түз кызматташуу ниетине, соңунда ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90