музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ КАНИКУЛДА КѲРҮҮЧҮЛѲРДҮ КАБЫЛ АЛУУДА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ КАНИКУЛДА КѲРҮҮЧҮЛѲРДҮ КАБЫЛ АЛУУДА

Кышкы эс алуу күндѳрү калкты маданий жактан тейлѳѳ үчүн, тарых музейинин туруктуу жана мезгилдүү кѳргѳзмѳлѳрү кѳрүүчүлѳргѳ тартууланууда.
Эс алуучулар музейдин туруктуу кѳргѳзмѳсүнѳн сырткары, Венгриянын улуттук “Матью маданиятынын”, “БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Балдар укугу боюнча конвенцияга кошулгандыгына 30 жыл”, Венгрия, Кытай, Франция, Япония ѳлкѳлѳрүнүн “Жаңы жылдык балаты” жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун, Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сѳздүгү” мезгилдүү кѳргѳзмѳлѳрү менен таанышып, кѳңүл ачышууда.
Ар кыл багыттагы тематикалык кѳргѳзмѳлѳрдѳн, кѳрѳрмандар дүйнѳ элдеринин жаңы жыл тосуу салттары, ишенимдери, тарыхы жана маданияты менен жеринен таанышууда.
Популярдуулугу жылдан-жылга артып бара жаткан музей – кѳрүүчүлѳрү үчүн кызматын ийгиликтүү аткарып, маданиятка салымын кошууну улантууда.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90