музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ВЕНГРИЯ МАМЛЕКЕТИНИН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ВИКТОР ОРБАНДЫН ЖУБАЙЫ АНИКО ЛЕВАИ ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН КИТЕПТЕРИН БЕЛЕККЕ БЕРДИ.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ВЕНГРИЯ МАМЛЕКЕТИНИН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ВИКТОР ОРБАНДЫН ЖУБАЙЫ АНИКО ЛЕВАИ ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН КИТЕПТЕРИН БЕЛЕККЕ БЕРДИ.

Венгриянын премьер-министринин Кыргызстанга иш-сапарынын алкагында, атайын тарых музейин кѳрүп, терең ырахаттануу алган Анико Леваи музей директору, профессор Жылдыз Бакашовага жана эмгек жамаатына ѳзгѳчѳ урматтоо катын жиберди.
Жогорку сый мейман Анико Леваи музейдин этнография бѳлүмүнѳн жана ѳзү сүйүп окуган дүйнѳгѳ таанымал Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан терең ырахаттануу алганын жазып, музейге ыраазычылык иретинде улуу жазуучунун венгер тилиндеги 2 китебин белекке берип жиберип, бул эки элдин ортосундагы бекем достуктун символун түшүндүрѳт деп белгилеген.
Венгриянын эң белгилүү интеллектуалдык байлыктарынын бири – Матьо элинин жашоо образы, маданияты, элдик искусствосу жана кийиминин тарых музейинде уюштурулган кѳргѳзмѳсүнѳ арналган иш-чараны колдоого алгандыгы үчүн, мекеме жетекчиси Жылдыз Бакашовага жекече терең ыраазычылыгын билдирди.
Айтматов ааламын дүйнѳлүк коомчулукка тааныштырган баалуу китептер, музей фондусунун раритетине айланмакчы.
Кыргызстандын Башкы музейи, Венгриянын маданиятты жана кызматташтыкты жогору баалаган айымынын инсандык, интеллектуалдык жана дипломатиялык сыйына ырахматын айтат жана кызматташтык жигердүү уланарына бекем ишенет.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90