музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ ТЕМАТИКАЛЫК ЛЕКЦИЯ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ ТЕМАТИКАЛЫК ЛЕКЦИЯ ѲТТҮ

Музейдин Жаңы тарых бѳлүмүнүн жетектѳѳчү илимий кызматкери Айнагүл Рысбаева улуттун дѳѳлѳтү – “Манас” эпосу тууралуу музей кызматкерлерине жана студенттерге тереңдетилген тематикалык лекция окуду.
Келечекте коомго улуу эпостуу жайылтуучу И. Арабаев атындагы КМУнун “Манас таануу жана маданият таануу” факультетинин студенттери үчүн бул лекция ѳтѳ пайдалуу болду.
Адамзаттын теңдешкис мурасы катарындагы Манастын илимий, тарыхый жана эпикалык орду тууралуу алган билимдерин бышыктаган, салыштыруу аркылуу санжыргалуу идеяларды тараткан, ыр түрүндѳгү мисалдарды эргүү менен айткан лекция студенттердин кызыгуусун жана толкундоосун жаратты.
Маданий-агартуу тармагында 100 жылдан бери коомго кызмат кылып келе жаткан КР Улуттук тарых музейи, руханий-эстетикалык жактан тарбиялоо ишин ийгиликтүү улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90