КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЖООКЕРЛЕР ЖАНА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН СТУДЕНТТЕРИ КЕЛҮҮДѲ
КР атайын кызматынын мѳѳнѳттүү аскердик кызматтагы жоокерлери жана студенттер окуу программасынын алкагында, маданий-тарыхый жайга саякат кылышууда.
Билимдерин кеңейтүү, таалим-тарбия алуу максатында келген жаш муунга музей кызматкерлери тааныштыруу ишин жүргүзүшүүдѳ.
Билим берүүдѳгү реформалар, агартуу айдыңындагы педагог-окумуштуулар Куралдуу күчтѳрдүн символу – Улуттук гвардиянын тарыхы тууралуу негиздүү маалыматтар музей предметтери аркылуу берилди.
Байыркынын баалуулуктарын түз жана коммуникациялык каражаттар аркылуу талыкпай таратып келе жаткан тарых музейине, кѳрѳрмандар соңунда ыраазычылыгын билдиришти.
