muzey bishkek Тарых музейи a a Кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы жана маданияты. Уникалдуу экспонаттар a a Фонд музея составляет более чем 90000 экспонатов New Exhibition a a History of art department
Биз жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи – Борбор Азиядагы эң чоң музейлердин бири. Музейдин коллекциялары республикада алдыңкы орунду ээлеп, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, турмушун, каада-салтын чагылдырган баалуу казына катары, байыркы доордон бүгүнкү күндөгү Эгемендүү Кыргызстанга чейинки кеңири мезгил аралыгын камтыйт.

Музей 1925-жылы 9-декабрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин Президиумунун чечими менен негизделген.

golovnye ubory kyrgyzy

Музейдин биринчи директору, окумуштуу-этнограф   С. М.Абрамзон чогулткан кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы боюнча баа жеткис табылгалар, музейдин түзүлүшүнө негиз болгон.

1927-жылы музей көрүүчүлөр үчүн М.В.Фрунзенин ата-энесинин үйүндө ачылган.

Музейди өнүктүрүү боюнча кийинки иштерди Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчысы К.Ү.Үсөнбаев уланткан. Археологиялык, этнографиялык жана табигый-илимий коллекцияларды топтоого А.Н.Бернштам, С.К.Керимбаев, К.И.Антипина, В.Я.Галицкий жана башка белгилүү тарыхчылар зор салым кошкон.

Уникалдуу коллекциялар

Экспозициялар жана көргөзмөлөр

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи – бул Кыргызстандын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын, экспонаттардын жана коллекциялардын негизинде көрсөтүүгө мүмкүн болгон жалгыз музей. Ал илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн эң ири борбору болуп саналат.

Музейдин фондунда 90 миңге жакын экспонаттар бар. Алардын ичине археологиялык жана этнографиялык экспонаттар: аска таш сүрөттөрү, таш, коло жана чопо буюмдары, баалуу металлдардан жасалган көркөм кооздуктар, улуттук музыкалык аспаптар жана кийимдер, ат жабдыктары, көркөм кол өнөрчүлүк буюмдары ж.б. кирет.

Электрондук каталог:

Экспонаттар

Кыргыздардын салттуу килемдери

ХХ кылымда жасалган

Негизделиши жана ачылышы

Музейдин тарыхы

Музей 1925-жылдын 9-декабрында негизделген.
Биринчи көрүүчүлөрүн 1927-жылдын 5-мартында кабыл алган. Өз ишмердүүлүгүндө музей атын бир нече жолу өзгөрткөн.

1925-1933-жж.
1925-1933-жж.
«Кыргызстандын Борбордук музейи»

Негизделиши

Экспозиция Кыргызстан Советтеринин 1-Уюштуруу съездинин ишин баштоого карата даярдалып,
М.В. Фрунзенин ата-энесинин үйүнүн бөлмөлөрүнүн биринде ачылган.
Музейдин түзүлүшү, тоолуу аймактын тарыхын жана жаратылышын системалуу түрдө изилдөөнүн, жер-жерлерде чөлкөмдүн тарыхын кеңири жайылтуунун башталышына өбөлгө болгон. Музейдин биринчи директору, этнография бөлүмүнүн негиздөөчүсү, белгилүү окумуштуу-этнограф С.М. Абрамзон болгон.
20-30-жылдары этнографиялык жана табигый-илимий коллекцияларды топтоого өзгөчө көңүл бурулган. Тарыхый-археологиялык бөлүмдүн түзүлүшү ленинграддык археолог
А.Н. Бернштамдын ысымы менен байланыштуу.
1933-1943 ||| 1943-1954
1933-1943 ||| 1943-1954
Музейдин аталышынын өзгөртүлүшү

Аталыштарынын тарыхы

1925-1933-жж. – Кыргызстандын Борбордук музейи; 1933-1943-жж.– Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи; 1943-1954-жж. – Улуттук маданият музейи; 1954-жылы Мамлекеттик тарых музейи болуп өзгөртүлгөн; 2021-жылы музейге “улуттук” макам берилип, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи болуп кайра түзүлгөн; 1941-жылы Кыргызстандын биздин заманга чейинки II миң жылдыктан XX к. башына чейинки тарыхы боюнча биринчи илимий экспозиция ачылган. 1947-жылдан тартып социалисттик курулуш бөлүмү өз ишин баштаган. Анын экспозициясынын пайдубалы 1940-1950-жылдардагы музей кызматкерлери, белгилүү тарыхчы-окумуштуулар: С.К.Керимбаев, К.Ү.Үсөнбаев, К.И.Антипина, В.Я.Галицкий тарабынан түптөлгөн. 1967-жылы Тарых музейи, архитектор А.П.Зенковдун долбоору менен 1927-жылы Республиканын Өкмөтүнө курулган имаратка көчүрүлгөн. Музей республикадагы ири илимий, маданий жана методикалык борборго айланган. 1991-жылы Борбордук Ленин музейинин филиалынын имараты Тарых музейине өткөрүлүп берилген.
2016-2021-жж.
2016-2021-жж.
Реконструкцияланышы жана

Ачылышы

Азыркы учурда музейдин фондунда музейдик маанидеги 90 миңден ашык буюм бар, анын ичинен 44 миңи негизги фондунун эстеликтери болуп саналат. Археологиялык жана этнографиялык коллекциялары, советтик жана суверендүү Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү, экономикасынын өнүгүшү жана жетишкендиктери, илими жана маданияты жөнүндө баяндаган материалдар Улуттук тарых музейинин сыймыгы болуп саналат. 2016-жылдан бери музей германиялык компания тарабынан реконструкцияланып, 2021-жылдын 20-ноябрынан баштап көрүүчүлөрдү расмий түрдө кабыл ала баштады.
Жаңылыктар менен бөлүшүү жана

Жазылуу

Биздин баракчага жазылуу менен сиз биздин музейдеги бардык окуялар, ошондой эле, жаңы көргөзмөлөр жана фестивалдар тууралуу эң маанилүү жаңылыктар менен тааныша аласыз.



    Музейди көрүү эрежелери, баалары, виртуалдык саякат жана иштөө убактысы.

    Көрүүчүлөргө

    Музей өлкөнүн гуманитардык жаңылануусуна, жарандардын иденттүүлүгүнүн калыптанышына өз салымын кошуп, маданий баалуулуктардын жана социалдык тажрыйбанын элге жеткирилишине ыңгайлуу шарт түзүп, Кыргызстандын чыгармачыл жана саясий элитасын калыптандырууга катышат.

    Музей дүйшөмбү күндөрү жабык болот.

    Музейди кыдыруу музей тарабынан иштелип чыккан маршруттук багытка ылайык жүргүзүлөт.

    muzey karantin usloviya
    Акыркы

    Жаңылыктар жана Көргөзмөлөр

    Биз менен байланышуу

    Байланыш

    Кабылдама 0(312) 62-60-97

    Билет кассасы 0(312) 62-61-05

    Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90

      Шш – Жш: 10:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
      Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

      Бишкек шаары, «Ала-Тоо» аянты
      Кабылдама 0(312) 62-60-97
      Билет кассасы 0(312) 62-61-05
      Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90