Image Alt

Тарых

Негизделиши жана ачылышы

МУЗЕЙДИН ТАРЫХЫ

Музей 1925-жылдын 9-декабрында негизделген.
Биринчи көрүүчүлөрүн 1927-жылдын 5-мартында кабыл алган. Өз ишмердүүлүгүндө музей атын бир нече жолу өзгөрткөн.

1925-1933-жж.
1925-1933-жж.
«Кыргызстандын Борбордук музейи»

Негизделиши

Экспозиция Кыргызстан Советтеринин 1-Уюштуруу съездинин ишин баштоого карата даярдалып,
М.В. Фрунзенин ата-энесинин үйүнүн бөлмөлөрүнүн биринде ачылган.
Музейдин түзүлүшү, тоолуу аймактын тарыхын жана жаратылышын системалуу түрдө изилдөөнүн, жер-жерлерде чөлкөмдүн тарыхын кеңири жайылтуунун башталышына өбөлгө болгон. Музейдин биринчи директору, этнография бөлүмүнүн негиздөөчүсү, белгилүү окумуштуу-этнограф С.М. Абрамзон болгон.
20-30-жылдары этнографиялык жана табигый-илимий коллекцияларды топтоого өзгөчө көңүл бурулган. Тарыхый-археологиялык бөлүмдүн түзүлүшү ленинграддык археолог
А.Н. Бернштамдын ысымы менен байланыштуу.
1933-1943 ||| 1943-1954
1933-1943 ||| 1943-1954
Музейдин аталышынын өзгөртүлүшү

Аталыштарынын тарыхы

1925-1933-жж. – Кыргызстандын Борбордук музейи; 1933-1943-жж.– Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи; 1943-1954-жж. – Улуттук маданият музейи; 1954-жылы Мамлекеттик тарых музейи болуп өзгөртүлгөн; 2021-жылы музейге “улуттук” макам берилип, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи болуп кайра түзүлгөн; 1941-жылы Кыргызстандын биздин заманга чейинки II миң жылдыктан XX к. башына чейинки тарыхы боюнча биринчи илимий экспозиция ачылган. 1947-жылдан тартып социалисттик курулуш бөлүмү өз ишин баштаган. Анын экспозициясынын пайдубалы 1940-1950-жылдардагы музей кызматкерлери, белгилүү тарыхчы-окумуштуулар: С.К.Керимбаев, К.Ү.Үсөнбаев, К.И.Антипина, В.Я.Галицкий тарабынан түптөлгөн. 1967-жылы Тарых музейи, архитектор А.П.Зенковдун долбоору менен 1927-жылы Республиканын Өкмөтүнө курулган имаратка көчүрүлгөн. Музей республикадагы ири илимий, маданий жана методикалык борборго айланган. 1991-жылы Борбордук Ленин музейинин филиалынын имараты Тарых музейине өткөрүлүп берилген.
2016-2021-жж.
2016-2021-жж.
Реконструкцияланышы жана

Ачылышы

Азыркы учурда музейдин фондунда музейдик маанидеги 90 миңден ашык буюм бар, анын ичинен 44 миңи негизги фондунун эстеликтери болуп саналат. Археологиялык жана этнографиялык коллекциялары, советтик жана суверендүү Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү, экономикасынын өнүгүшү жана жетишкендиктери, илими жана маданияты жөнүндө баяндаган материалдар Улуттук тарых музейинин сыймыгы болуп саналат. 2016-жылдан бери музей германиялык компания тарабынан реконструкцияланып, 2021-жылдын 20-ноябрынан баштап көрүүчүлөрдү расмий түрдө кабыл ала баштады.

Шш – Жш: 10:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90