музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  БЕТ АЧАРЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

БЕТ АЧАРЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

25- апрелде саат 11.00дө КР Улуттук тарыхы музейинде жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” аңгемелер жыйнагынын бет ачары өткөрүлөт.

Коомчулугубуз Бейшенбай Усубалиевди чыгаан тилчи окумуштуу катары да жакшы билишет. Ал 150дөн ашык илимий эмгектердин автору, филология илимдеринин доктору, КУИАнын корреспондент-мүчөсү, Бишкектеги Кувейт эларалык университетинин профессору.Ошол эле мезгилде атпай журтчулугубузга кеңири таанылган белгилүү жазуучу да болуп саналат. Ал 60 ка жакын аңгемелерди жана повесттерди, көркөм очерктерди жарыялап, “Түркүн”, “Көз”, “Түтүн”, “Түн” жыйнактарын чыгарган. “Зоока” жыйнагына 1980-жылдардын аягынан тартып, акыркы убактарда жазылган аңгемелери киргизилген.

Бет ачарга белгилүү адабияттты сүйүүчүлөр келишет жана жазуучулардын жана акындардын, адабиятчылардын, илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин жана жазуучунун замандаштарынын катышуусу күтүлөт. Каалоочуларга эшик ачык.

Post a Comment

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90